Новинки MP3
Скачать

Мирбек Атабеков - Бул Дүйнө(2020)

Мирбек Атабеков - Бул Дүйнө
0
0
Слушать MP3
Мирбек Атабеков - Бул Дүйнө

Скачать песню

Скачать песню Мирбек Атабеков - Бул Дүйнө бесплатно на мобильный телефон в формате mp3, для Android и iOS устройств онлайн.

Клип Мирбек Атабеков - Бул Дүйнө
Синглы/альбомы:
Текст Мирбек Атабеков - Бул Дүйнө
[00:10.75] Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген,
[00:16.85] Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген.
[00:23.57] Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен,
[00:29.03] А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген,
[00:34.31] Туңгуюкка кептеген.
[00:38.41] Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай,
[00:45.34] Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай.
[00:52.27] Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай,
[00:57.73] Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай,
[01:04.53] Кара жанды кыйнамай.
[01:09.93] Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
[01:15.71] Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
[01:21.18] Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
[01:27.62] Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
[01:33.54] Акыр заман салчулар.
[01:39.33] Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы,
[01:44.68] Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы.
[01:51.55] Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы,
[01:57.10] Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы,
[02:01.54] Эркин ойноп жыргайлы.
[02:07.40] Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп,
[02:11.97] Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт.
[02:19.18] Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк,
[02:23.99] Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет,
[02:31.40] Бакыт канча ким билет.
[02:36.53] Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң,
[02:42.48] Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң.
[02:50.07] Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң,
[02:55.26] Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң,
[03:00.61] Качырганда билерсиң.
[03:07.74] Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө,
[03:14.93] Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө.
[03:21.87] Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө,
[03:26.91] Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө,
[03:33.05] Дайым сулуу бул дүйнө.
[03:37.58] Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай,
[03:42.74] Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай.
[03:49.89] Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай,
[03:55.55] Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай,
[04:02.46] Бактыбызды байлабай.
[04:08.71] Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң,
[04:15.68] Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң.
[04:22.68] Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң,
[04:28.09] Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң,
[04:33.31] Миң жашасаң тойбойсуң.
[04:57.10]